7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров революцияда каза болгон Үмүтбектин атасына 2 бөлмөлүү батир берди

891

Садыр Жапаров бүгүн, 5-октябрда, 2020-жылдын октябрь окуялары учурунда каза болгон Алтынбек уулу Үмүтбектин үй-бүлөсү – атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева менен жолугушту. Жолугушуу алдында Мамлекет башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап Куран окуду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек шаарынын мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе борбордук мэриянын айрым кызматкерлеринин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады.

Мамлекет башчысынын бул тууралуу жакында эле маалыматы болуп, аталган кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган жана бүгүнкү күндө бардык маселелер чечилген. Ал Алтынбек Жуматаевге Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырды. Президент Үмүтбектин үй-бүлөсүнө бакыт жана жаңы үйүндө жакшылыктарды каалап, ошондой эле кайрат жана сабыр тиледи.

Президент Садыр Жапаров менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жаш жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөттү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

892