7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров Россия президентинин администрация жетекчисинин орун басары Козакты кабыл алды

695

Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Президентинин Администрациясынын Жетекчисинин орун басары Дмитрий Козакты кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечектүү багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун ушул жылдын 24-майында Сочи шаарында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен болгон жолугушуусунун жыйынтыгында жетишилген келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашуу болду.

Жолугушууда тараптардын коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча көрүп жаткан чараларды, анын ичинде өлкөгө Россия вакцинасын жеткирүү маселеси да талкууланды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

696