7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты

715

Президен Садыр Жапаров бүгүн, Нарын облусуна иш сапарынын алкагында «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысына жүктөрдү өткөрүү тартиби, анын ичинде радиациялык-порталдык мониторлордун иши, жүктөрдүн инспекциялык тыкыр текшерүүдөн өтүүсүнө мүмкүндүк берген, эсепке алынбай калган товарларды өткөрүп жиберүү тобокелдигин жокко чыгарган автоматташтырылган инспектордук-текшерүү комплекси көрсөтүлдү. Өтүп жаткан жүк жана унаалар боюнча бардык маалыматтар бажы базасында 10 жыл боюу сакталып турат.

Бүгүнкү күндө товарларды ташуу бирдиктүү алгоритмге ылайык ишке ашырылып, коронавирус пандемиясы шартында зарыл болгон дезинфекциялык чараларды колдонуу менен жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

Президент «Торугарт» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча бардык зарыл чараларды көрүп, санкцияланбаган жана эсепке алынбаган товарларды ташып кирүү тобокелдигин жоюу үчүн автоматташтырылган бажы системасынын ишин үзгүлтүксүз жүргүзүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда ЕАЭБге мүчөлүгүнүн алкагында көзөмөл-өткөрмө жайын модернизациялоо иштери улантылууда. Бардык иштерди 2022-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландаштырылган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716