7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 18 миң доллар жана 1 миллион сомдон ашык акчаны алдап алган жаран кармалды

2224

Ошто эки адамды алдап, акчасын алып алган шектүү жаран Бишкектен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, май айынын аягында Ош облусунун Араван районунун тургуну милиция бөлүмүнө арыз менен кайрылган. Анда белгисиз адам алдамчылык жолу менен 18 миң доллар каражатын алып алганы жазылган.

“Арыз ээси карызды төлөп берүүнү талап кылганда белгисиз жаран коркутууга аракет кылып, кылмыш дүйнөсүнүн айрым өкүлдөрүн акчадан баш тартууга мажбурлоо максатында арыз жазган адамга жөнөтө баштаган”, — деп айтылат маалыматта.

Ал эми июндун башында Ош облусунун Араван районунун дагы бир тургуну ички иштер органдарына кайрылып, 2017-жылы бир жаран миллион сомдон ашык суммадагы акчаны алдоо жолу менен алгандыгын айткан. Эки арыз ээси тең бир адамга мыйзамдуу чара көрүүнү суранышкан.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында мурда бир нече жолу соттолгон, ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турган 35 жаштагы А.С. аттуу жаран кармалган. Ал Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган жаран мурда 8 эпизод менен алдамчылык иш-аракеттери үчүн 166-берененин 3-бөлүмү (эски кодекс) менен жоопко тартылган.

Биринчи май райондук сотунун чечими менен кармалган адамга карата камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалып, учурда тергөө иштери уланууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2225