7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров: Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын, стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек

514

Заманбап дүйнөдө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керек. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров «Улуттук инновациялык экосистеманы курууда университеттердин ролу» темасында өтүп жаткан Ректорлордун дүйнөлүк форумунда билдирди.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Американын Калифорния штатындагы «Силикон өрөөнүнүн» динамикалуу өнүгүүсү негизинен аталган аймакта жайгашкан ондогон университеттер, лабораториялар, илимий-изилдөө институттары менен шартталган.

«Регион жогорку технологиялык продуктыларды өндүрүүгө адистешкен илим жана билимдин өрөөнүнө айланган. Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 40тан ашык жогорку окуу жайлары бар экендигин эске алсак, бул университеттердин жана мекемелердин синергиясы аркылуу Чүй өрөөнүн да «Силикон өрөөнүнө» айландырууга толук мүмкүн. Бул үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар», — деп белгиледи ал.

Акылбек Жапаров өз сөзүндө университеттер идеялардын жана стартаптардын демилгечилери катары аракеттениши керектигине өзгөчө басым жасады.

«Бүгүнкү күндө 20дан ашуун ата мекендик жогорку окуу жайларында креативдүү экономиканы өнүктүрүүгө, ишкерликти колдоого жана жаштар арасында стартаптарды түзүүгө багытталган бизнес-инкубаторлор ачылды. Биз стартаптар технологиялык уюмдардын массалык түрдө ишке киришине жана ата мекендик экономиканын ар кыл тармактарында инновациялык чечимдерди ишке ашырууга өбөлгө түзөт деп ишенебиз», — деди ал.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

515