7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жапаров жаңы башкы прокурорду жамаатына тааныштырды

439

5-июнда Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды.

Жаңы башкы прокурорду көзөмөлдөөчү органдын эмгек жамаатына Министрлер кабинетинин төрагасы  Акылбек Жапаров тааныштырды.

Жапаров президентибиздин жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын Максат Асаналиевдин укук коргоо органдарында басып өткөн эмгек жолун, кесипкөйлүгүн, анын ичинде прокуратура системасындагы көп жылдык тажрыйбасын жана ишиндеги жетишкендиктерин эске алып, аны дайындоо менен республиканын башкы көзөмөл ведомствосунун мыйзамдуулукту камсыз кылуудагы иши мындан ары да күчөтүлөт деген ишенимдерин билдирди.

Өз кезегинде, Максат Асаналиев ага ишеним көрсөтүлүп жаткандыгы үчүн ыраазычылыгын айтып, мыйзамдын үстөмдүгүн, инсандын, коомдун жана мамлекеттин мыйзам менен корголуучу кызыкчылыктарын камсыз кылуу милдеттерин аткарууга бардык аракетин жумшаарын билдирди.

 

 

 

440