7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2022
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
29°C

Жапониядагы жана Түркмөнстандагы элчилер кызматынан бошотулду

198

Мирлан Арстанбаев Кыргыз Республикасынын Жапониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка президент Садыр Жапаров кол койду.  Маалыматты өлкө башчысынын маалымат кызматы билдирди.

Мирлан Арстанбаев Жапониядагы ишин Токио шаарындагы резиденцияда отуруп 2021-жылдын июлунан бери Кыргыз Республикасынын Австралиядагы, Жаңы Зеландиядагы жана Филиппин Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчилик кызматы менен айкалыштырып келген. Ал Жапониядагы элчиликке 2019-жылдын мартында дайындалган.

Садыр Жапаровдун дагы бир жарлыгы менен Талант Султанов Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси кызматынан бошотулду. Ал бул орунга 2021-жылдын май айында дайындалган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

199