Боом капчыгайында жол эки тараптуу ачылганын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги маалымдайт.
«Жол 1-августтан 2-августка караган түнү саат 01:50дө толугу менен ачылган»,-деп айтылат маалыматта.
Эскерте кетсек, 1-августта саат 14:00гө жакын «Бишкек — Нарын — Торугарт» унаа жолунунун 147-154-чакырымдарында (Боом капчыгайы) катуу жаандан улам сел жүрүп, жолду жаап калган.