Ысык-Көл районунда сууга чөгүп кеткен төрт жашар кызды издөө иштерине облустун айыл өкмөттөрү да тартылууда. Маалыматты президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгү тастыктады.
«Айыл өкмөт кызматкерлери жергиликтүү тургундар, куткаруучулар, суучулдар жана башка адистер менен бирге издөө иштерин улантууда. Алар көл жээктерин карап, көл астындагы торлорду алып чыгып кайыктар, катерлер менен көлдү кыдырууда»,-деп айтылат маалыматта.
Издөө иштерине жардам берүүнү каалагандар төмөнкү номерлер аркылуу байланышса болот: Сабыр — 0705-60-37-04, 0555-99-56-26.
Эске сала кетсек, 18-июлда Ысык-Көлдүн Тору-Айгыр жана Чырпыкты айылдарынын ортосунда 2018-жылы туулган М.А. аттуу төрт жашар кыз көлгө чөгүп кеткен. Издөө иштери жүргүзүлүп, бирок жыйынтык болбой келет.