Республикалык штаб Кыргызстанда кош бойлуу аялдар 22-жумадан тарта коронавируска каршы эмдөөдөн өтө аларын билдирди.
«Окумуштуулардын изилдөөлөрүнө ылайык, COVID-19га каршы вакцина кош бойлуу аялдарда боюнан түшүп калуу коркунучуна таасирин тийгизбейт»,-деп айтылат маалыматта.
Билдирүүгө ылайык, бүгүнкү күнгө чейин дүйнө жүзү боюнча көптөгөн аялдар кош бойлуу кезинде же эмчек эмизүү учурунда эмдөөдөн өтүшкөн жана эч кандай кооптонуулар аныкталган эмес.