7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаранды 400 миң сомго алдап кеткен кыздар кармалды

659

Биринчи Май РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан каржы пирамидасын уюштуруу боюнча шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.

2-март күнү милицияга жаран кайрылып, «Chargefast» компаниясынын ээлерине карата чара көрүү арызы менен кайрылган. Алар акчаны эки эсе көбөйтүү шылтоосу менен ишенимге кирип, алдамчылык жолу менен 400 миң сом суммадагы акча каражатын ээлеп алышкан. Андан кийин убадасын аткарбай жүргөн жерин жашырып кетишкен.

Аталган факты боюнча Биринчи Май РИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси (финансы пирамидаларын уюштуруу) менен кылмыш иши козголгон. Бишкек шаарынын аймагында 1991-жылы туулган Н.Н. жана 1995-жылы туулган А.С. аттуу шектүүлөр аныкталып, кармалган.Мындан тышкары, милицияга 50дөн ашуун жаран арызы менен кайрылган. Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

660