7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жараткан отуз күн тута турган орозобузду, бата-тилектерибизди кабыл кылсын»

498

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-мартта, кыргызстандыктарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

“Урматтуу мекендештер! Кадырлуу мусулман агайындар! Ыйык Орозо айынын кириши менен баарыңыздарды чын жүрөктөн куттуктаймын!

Орозо айы – таң заардан күн батканга чейин оозду бек кармап, наар алуудан тыйылуу гана эмес, барга шүгүр, азга каниет кылып, өзүн-өзү тарбиялоо мезгили, берешендик, кайрымдуулук, мээримдүүлүк сыяктуу бийик сапаттарды көрсөткөн өзгөчө ай.

Мындай берекелүү айдын келиши менен баарыбыз дилибизди тазартып, ысырапчылыктан сактанып, башкаларга кол сунуп, кайгысына, кубанычына да ортоктош боло билүүгө умтулалы.

Үй-бүлөдөгү, коомдогу жана мамлекеттеги ийгиликтердин башаты ынтымакта экенин эстен чыгарбайлы! Бири-бирибизге болгон ишенимибизди чыңдап, мамилебизди бекемдөө менен мамлекетибиздин жаркын келечеги үчүн талбай мээнет кылышыбыз кажет.

“Отуз күндүк орозо – ой тазартаар жол ошо” деген накыл кеп сыңары, Орозо айында жалаң жакшылык тилеп, жамы журт менен карым-катыш, алакабызды арттырып, Кыргызстанда адал ишти сүйгөн, ак кызмат кылган акыйкат, калыс, эмгекчил коомду курууга кам көрөлү.

Жапа тырмак жан үрөп, биримдиктүү иш-аракетибиз менен өлкөбүздү бейкапар жашоо шарттары түзүлгөн жайлуу, жагымдуу өлкөгө айландырарыбызга бекем ишенем!

Жараткан муктаждарга жакындан жардам берип, жакшы иштер менен сооп табууну баарыбызга насип кылсын. Отуз күн тута турган орозобузду, бата-тилектерибизди кабыл кылсын.

Орозо айыңыздар куттуу болсун! Жараткан Кыргызстаныбызды айтпай келген бөөдө кырсыктардан сактасын!»- дейт өлкө башчы.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

499