Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкери пара берүү учурунда кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, УКМКнын кызматкерлери Аламүдүн районунун Пригородный айыл аймагындагы кирешелер боюнча башкы адиси тарабынан жасалма диплом колдонулганы аныкталып, ал өзүнүн жогорку билими тууралуу дипломунун аныктыгын текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара катары 160 миң сом өлчөмүндө акча каражатын сунуштаган.
Ушул жылдын 24-майында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, УКМК кызматкерине 160 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен Пригородный айыл аймагындагы кирешелер боюнча башкы адиси О.К.Т. кармалды.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.