7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
3031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жасалма кулак Орто Азия боюнча Кыргызстанда алгачкы жолу жасалды

1041

Кыргызстандагы медициналык борборлордун биринде алгачкы жолу жасалма кулак даярдалып, ал аял менен өспүрүм балага тагылды. Бул тууралуу аталган борбор караган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын маалымат кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Орто Азияда протез кулак  биринчи жолу жасалгандыктан, уникалдуу операциялардын катарына киргизүүгө болору айтылган.

Микрохирург, отоларинголог Шухрат Буваевдин айтымында, протездин көрүнүшү кадимки кулактан өтө айырмаланбайт.

«Протез үн толкундарын тийиштүү угуу өтмөктөрүнө жеткирет. Натыйжада адамдын угуусу жакшыра түшөт. Эң жогорку сапаттагы медициналык силикондон жасалган протез сыртынан караганда кадимки кулактан айырмаланбайт», — дейт дарыгер.

Белгилей кетсек, анапластолог Нурлан Осмоналиевдин жасалма кулакты 3D-сканердин жардамы менен даярдай турганы айтылды. Протез ар бир адамга, анын параметрине жараша жасалат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1042