7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оштогу “Барсбек” жана “Манас” эстелиги жайгашкан айланма жолдорго эс алуу бактар курулат

1045
Ош шаары менен Кара-Суу району чектешкен “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасы жашылдандырылып, жарандар үчүн эс алуучу бактар курулат. Бул тууралуу облус өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 22-сентябрь күнү Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов “Барсбек” жана “Манас” айкелдери жайгашкан айланма жолдордун айланасын жашылдандыруу боюнча долбоору менен таанышкан.
Кара-Суу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн аймагында жайгашкан “Манас” айланма жолдун айланасын жашылдандыруу жумуштары кийинки айда башталат. Ал эми “Барсбек” айланма жолунун Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караган бөлүгүнө курулуучу эс алуу бактын долбоору бүткөрүлүп, каржы булагы аныкталууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1046