7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш балдарга «момпосуй» тараткан чет элдиктердин өздүгү такталды

224

Кечээ, 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн жаш балдарга таттуу заттарды таркатып жатат деген видео тараган.

Бул маалымат боюнча Жалал-Абад ШИИБдин Нөөмөт бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерге барышып, окуяны жеринде текшерген.

Чет элдиктер Түштүк Корея Республикасынын 3 жараны экендиги аныкталып, алардын өздүктөрү такталган. Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдө: котормочусунун катышуусунда ооз эки түрдө берген көрсөтмөсүнө ылайык, алар 2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын аймагына турист катары эс алып, көрүп кетүү үчүн келишкендигин жана 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн учурда ал жерде ойноп жүргөн жаш балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен.

Ал эми текшерүүнүн жүрүшүндө Жалал-Абад шаарынын тургуну 1980-ж.т. И.Д. аталган Корея улутундагы жарандар жаш балдарга белгисиз таттуу сымал нерселерди бергендиги боюнча чара көрүп берүү жөнүндө арыз менен кайрылган. Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чогултулган тиешелүү материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КЖБРне катталып, КРнын Жоруктар Кодексинин 126-беренесинин (Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Корея улутундагы атуулдардан алынган 10 даана таттууларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

225