7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жихад пландаган террордук топтун 30 мүчөсү кармалды

415

Өлкө аймагында жашыруун террордук топтун 30 жактоочусу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Аталган уюмдун мүчөлөрү системалуу түрдө жашыруун жыйындарды өткөрүшүп, анда радикалдык идеологияны үгүттөп, террористтик ишти каржылоо үчүн акча каражаттарын чогултуп турушкан.

Топтун иши чет жактагы эл аралык террордук уюм тарабынан координацияланганы белгиленди. Ошондой эле алар өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнө каршы «жихад» жасоону, атайын жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерине террордук актыларды пландаганы айтылды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

416