7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖЕЭКтин жыйынында кол коюлуп, кабыл алынган документтердин тизмеси

18

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин Минск шаарындагы (Беларусь Республикасы)  жыйынынын жыйынтыгы боюнча бир катар документтерге кол коюлуп, кабыл алынды:

— “Евразиялык экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөлөрүнүн ортосунда иш чөйрөлөрү боюнча милдеттерди бөлүштүрүү механизми жөнүндө” чечим;

— “2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколго кол коюу жөнүндө” протокол («IV Чоң» протокол);

— “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттердин Транспорт тармагындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин кеңеши жөнүндөгү жобого өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” чечим;

— “Табигый монополия субъекттеринин ишин жөнгө салуунун бирдиктүү принциптери жана эрежелери жөнүндө протоколдун (2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге № 20 тиркеме) 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык маалымат берүү жөнүндө” тескеме;

— “Евразия экономикалык бирлигине мүчө-мамлекеттер тарабынан 2023-2024-жылдары Кызмат көрсөтүүлөр, мекемелер жана ишмердүүлүк менен сооданы жөнгө салуу эрежелеринде каралган жоболордун аткарылышына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө” чечим;

— “Евразия экономикалык бирлигинин алкагында кызмат көрсөтүүнүн айрым секторлору боюнча либералдаштыруу пландарын ишке ашыруу жөнүндө” тескеме;

— “ЕАЭБ алкагында спорт жаатындагы экономикалык кызматташтыктын негизги багыттары жөнүндө” чечим;

— “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” чечим;

— “Евразия экономикалык комиссиясынын коллегия мүчөсүн дайындоо жөнүндө” чечим;

— “Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө” тескеме.

19