7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын Тышкы иштер министри менен телефон аркылуу сүйлөштү

361

15-октябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми телефон аркылуу сүйлөштү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ мамилелеринин, атап айтканда, саясий, экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү, ошондой эле энергетика, экология, климаттын өзгөрүүсү боюнча өз ара аракеттенүү маселелерин талкуулашты.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министри Дэвид Лэмми журналисттерге каршы акыркы сот чечимине көңүл бурду. Өз кезегинде Министр Жээнбек Кулубаев мындай чечимди бийликтин көз карандысыз бутагы болгон сот органдары кабыл алганын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тышкы иштер министрлери саясий байланыштарды улантуу жана өз ара сапарларды уюштуруу жаатында ишти улантуу боюнча өз ара макулдашты.

362