7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбеков менен Отунбаева экс-президент макамынан ажыратылышабы?

2207

Блогер Чыңгыз Капаров баштаган активисттер экс-президент Сооронбай Жээнбеков менен Роза Отунбаеванын макамынан ажыратуу боюнча кол топтоону улантышууда.

Чыңгыз Капаровдун айтымында, бүгүнкү күнгө карата 100 миң кол топтолду. Парламентке демилгени киргизүү үчүн 300 миң анык кол тамга талап кылынат. Ошондой эле ал, демилге талап кылынган сандагы кол топтолмоюнча уланаарын кошумчалады.

Активисттер Роза Отунбаева 2010-жылы шайлоого альтернативдүү талапкер катары катышкан жок деп эсептешет. Ал эми Сооронбай Жээнбеков 2020-жылдын октябрь айында болгон элдик көтөрүлүштөн кийин кызматтан эрте кетүүгө аргасыз болгон.

«Эки бийликтин тушунда тең өлкө жол берилгис жоготууларга учурады», —  дейт Чыңгыз Капаров.

Кол топтоо Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтындагы “Илбирс” имаратында ар жума жана ишемби күндөрү саат 10.00дөн 18.00гө чейин жүргүзүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2208