7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жеке менчикке чыгарылган бала бакчанын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

282

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан мурдагы бала бакчанын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган мамлекеттик объекттерди жана жер тилкелерин аныктоо жана кайтаруу боюнча иштердин алкагында Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жайгашкан бир катар жер участоктору жана инфраструктура объекттери мамлекетке кайтарылды.

Кара-Көл шаарынын аймагында жайгашкан социалдык багыттагы объекттерге таандык кыймылсыз мүлк:

1,38 га аянттагы «Электр станциялары «ААКнын филиалы — Токтогул ГЭСинин каскады» мурдагы бала бакчанын жер тилкеси, ошондой эле курулмалары менен суу алуучу жай жана ушул убакка чейин «Достук комбинаты» ААКнын балансында турган 2,42 га жер тилкеси мурда жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылгандыгы аныкталган.

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен социалдык инфраструктура объектилерин жана жер тилкелерин аныктоо иштерин улантууда.

283