7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жекшеналиев: Мэрдин “Ататүрк” паркынын жерлерин кайтаруу демилгесин колдойлу

481

Жекшеналиев: Мэрдин “Ататүрк” паркынын жерлерин кайтаруу демилгесин колдойлу

Урматтуу достор! Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев тарыхий демилге менен чыгып баарыбызды таң калтырды окшойт. Элибиз “Ататүрк” паркынын аймагын 1992-жылкы калыбына келтирүүнү, миңге чукул чиновник-көпөстөрдүн Бишкектин өпкөсү болгон жашыл аймакты кемирип жегенине каршы турууга кимге, кайда гана, канча ирет кайрылбады эле, майнап чыкпай келген да.

Мына эми учуру келип бул демилге күн тартибине коюлуп, бизди кубантып турат. Мекендештер, эми парктын 107 гектарынын 43 гектарына тыпыйып там салып, отурукташып алгандар каршы чыгаары, алардын бул демилгени сындырууга ар кандай аракеттер болоору талашсыз. Паркка тиешеси жок жол тыгыны, тазалык, жолдор жана башка чарбалык маселелер менен эптеп сындап мэрди кетирүүнүн айласын издээрин мен сезип турам.

Бул демилге иш жүзүнө ашырыш үчүн эми активисттер, саясатчылар, жарандык коом аягына чейин туруп бере алабы же ар кандай шылтоолор менен бул мэрден кутулуунун жолуна түшөбү деп ойлоп, мен колдоого даярмын, а силерчи, деп суроо салгым келди.

Дагы бир ирет айтам, мен майда-чүйдө, чарбалык маселелерге эмес, салмактуу чечимдердин, демилгелердин айланасында жарандык коом, активисттер бириге алабы деп сурагым келип жатат. Мен чечкиндүү кадамым менен колдоого эле эмес, коргоого даярмын!

482