7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте опузалап пара алып жаткан жеринен инспектор кармалды

510

Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери опузалап пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

УКМК тарабынан 12-апрелде ИИМдин ички чалгындоо кызматы менен биргеликте, 2500 АКШ доллары өлчөмүндө опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Бишкек ШИИБдин Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкери Э.Н.А. кармалды.

Тергөөнүн жүрүшүндө аталган кызматкер жарандан транспорт каражатын башкаруу укугун (айдоочулук күбөлүгүн) кайтарып берүү, ошондой эле унаасын айып короодон алып чыгуу маселесин оң чечип берүү үчүн акча талап кылганы аныкталган. Ал буга чейин да ушул эле шылтоо менен дагы бир жарандан 500 АКШ долларын алган.

Кармалган патрулдук милиция кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.  Учурда укук коргоо органдарындагы коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

511