7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Желектеги күндүн нуру 40 экенине көзүм жеткенден кийин жазган постумду өчүрдүм»

550

Күндүн нуруна байланыштуу постту өчүрдүм. Бул тууралуу Мирбек Мунарбек уулу соц.тармактагы баракчасына жазып, өзү желектеги күндүн нурун санап чыкканын билдирди.

«Жыңырган жылда Ала-Тоо аянтындагы Мамлекеттик туу да жаңырып, андагы күндүн нуру 40 же 39 экен деген чоң талкуу жаралды. Мен да алгач 2-январь күнү социалдык тармактардан, 24.kg сайтына чыккан материалдан көрүп ишенбей бир нече ирет санап чыктым. Сүрөттө күндүн 39 нуру бар экен. 2-январь күнү аны жазып, фейсбук баракчам аркылуу бөлүштүм.

Жогорку Кеңешке келген мыйзамдын долбоорун, маалымкат-негиздемесин, салыштырма таблицасын көрүп, тармактык жана пленардык жыйындардын талкууларын көргөн инсан катары түшүнүксүз абалда болдум.

Кечээ, 3-январь күнү Бишкек шаарынын Ала-Тоо аянтына барып, желекти видеого, сүрөткө тартып кайрадан санап чыктым. Желектеги күндүн нуру 40 экендигине көзүм жеткенден кийин жазган постумду өчүрүүнү туура көрдүм. Эч ким мажбурлап, же коркуткан жок! Коомчулуктун астындагы жоопкерчиликти гана ойлодум.

Мага чейин да мамлекеттик органдар желекти түшүрүп алып санашканы боюнча маалыматтар чыккан.

«Ыйман, мыйзам, тазалык » деген ураан менен жүрөбүз. Ошону кармаганга аракет кылабыз!

Ошондуктан Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган, Президент кол койгон желекти гана илүүнү талап кылалы!

Өлкөбүз тынчтыкта өмүр сүрүп, өнүп өссүн!»,- деди ал.

551