Эки аялдуулукту мыйзамдаштыруу боюнча тарап жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
“Демилгеленбеген мыйзам долбоору боюнча коомчулукту дүрбөлөңгө салып, жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырабыз. Туура эмес маалыматтарды жайылтып, жалпы элди козуткандардын да мыйзам алдында жоопкерчилиги бар экенин эскертебиз”,-деп берилет билдирүүдө.
Белгилей кетсек, соц.тармактарда ЖК жакында эки аял алууну мыйзамдаштыруу боюнча мыйзам долбоору алгач коомдук талкууга чыгып, андан соң депутаттар карай турганы боюнча маалымат тараган. Мындай маалыматтардан кийин коомчулук буга терс реакциясын билдирип баштаган.