7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Желектин автору Бекбосун Жайчыбеков каза болду

627

6-сентябрда сүрөтчү жана мамлекеттик туунун автору Бекбосун Жайчыбеков дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен кабарлашты.

Ал 1948-жылы Ысык-Көл облусунун Корумду айылында туулган. Ал 1972-жылы Алматы сүрөт училищасын, ал эми 1982-жылы Москва полиграфиялык институтун бүтүргөн.

«Мектеп», ‘»Кыргызстан», «Адабият», «Шам» жана «Кут аалам» сыяктуу басмаканаларда иштеп, улук көркөм редактор жана башкы сүрөтчү кызматтарын ээлеген. Бекбосун Жайчыбеков Кыргызстандагы балдар китептеринин алдыңкы иллюстраторлорунун бири катары белгилүү болгон. Ал Түркмөнстан, Беларусь, Казакстан, АКШ жана Швейцариянын басмаканалары менен кызматташып, андан тышкары «Сорос-Кыргызстан» фондунун китептерин көркөмдөөгө катышкан.

Жайчиев республикалык, эл аралык сынактардын, китеп көргөзмөлөрүнүн сыйлыктарынын жана байгелеринин ээси. Ал билим берүү жана балдар адабиятын иллюстрациялоого кошкон салымы үчүн 2007-жылы «Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги», «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер» наамдары менен сыйланган.

Мындан тышкары, «КР Эл артисти» наамына ээ болуп, «Бишкек шаарынын ардактуу тургуну» макамын алган. Ошондой эле «Даңк» медалына татыктуу болгон.

628