7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Өлкөдө ЖККУнун машыгуулары башталды

184

Балыкчы шаарында командалык-штабдык «Өз ара аракеттенүү-2024», «Издөө-2024» жана «Эшелон-2024» атайын окуу-машыгуулары башталды.

Иш-чаранын алдында коргоо министри Бактыбек Бекболотов, ЖККУнун баш катчысынын орун басары Талаатбек Масадыков, ошондой эле ЖККУнун бириккен штабынын башчысы Андрей Сердюков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин эстелигине гүлчамбар коюшту.

Аскерлер Борбордук Азия аймагында куралдуу жаңжалды басуу үчүн биргелешкен операцияны өткөрүшөт. Машыгуу үч этапта жүргүзүлөт.

Ага Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикстан мамлекеттеринен келген аскер кызматкерлери, ЖККУнун биргелешкен штабынын өкүлдөрү келишкен. Окуу-машыгууларга ЖККУ мамлекеттеринен 1500дөн ашык аскер кызматкери катышат. Анын жүрүшүнө 200 аскер техникасы, анын ичинде 10 авиациялык жана 10 деңиз кемелери тартылган.

Кыргызстандын Башкы штабынын жетекчисинин биринчи орун басары Артур Темиров Коргоо министрлиги, Башкы штаб, башкаруу органдары, аскердик бөлүмдөр жана мекемелер окуу-машыгуулар ийгиликтүү өтүшү үчүн бардык аракеттерди жасашканын белгиледи.

185