КР эл сүрөтчүсү, желектин автору Бекбосун Жайчыбеков туунун ортосунда жайгашкан күн нурунун формасын өзгөртүү боюнча пикирин 7-каналга билдирди.
Ал өз сөзүндө азыр сунушталып жаткан туу эң начар вариант экенин айтты.
“Биз желекти ар түрдүү варианттар менен даярдаганбыз. Түсү, күн нурлары, айтор бир нече вариантты иштеп чыкканбыз. Азыр эми желектин ортосунда жайгашкан күн нурунун формасын өзгөртүү сунушталды. Авторлор каршы чыккан деле жокпуз. Албетте, ушунчалык эле эл жапырт талап кылса өзгөртсө болот. Дагы деле жараткан эмгектин үстүнөн иштегенге даярбыз. Бирок, сунушталып жаткан туу мен көргөн эң начар вариант”, — деди автор.
Ошондой эле, ал желек авторлор берген эталондо колдонулса күн карамага окшошмок эмес деген оюн айтып өттү.
“Туу кабыл алынгандан кийин Жогорку Кеӊештин депутаттарына мамлекеттин символу болгон желекти колдонуу көзөмөлдөнсүн деп айтып жүрдүк. Анткени, биз даярдап берген желек кээде кыйшык, жалпайып, өзгөртүлүп, тикчийтип, күн карамага окшошуп, айтор, ар ким каалагандай чыгарып колдонулуп келди. Эгер биз тарткандай эталондо чыгарылса күн карамага деле окшошпойт. Биз бекер, жөн эле кеӊешчи болуп, өзүбүз көзөмөлдөп береличи деп кайрылдык. «Ии, ооба, баары укмуш болот» деп коюшат да, бүттү” – дейт Жайчыбеков.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштаган. Бул боюнча коомдо ар түрдүү пикирлер, сындар айтылууда.