7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жер алып берем». 10дон ашык адамды алдаган 60тагы аял кармалды

1746

Чүйдө жер тилкесин алып берем деп бир нече кишини алдаган 60 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кабарлады.

Бишкек шаарынын тургуну Сокулук ИИБге кайрылып, 2019-жылы чала тааныштары Ново-Павловка айылынан жер тилкесин алып берем деп Land Rover Discovery үлгүсүндөгү унаасын алып из жашырып кеткенин билдирген.

Аталган факт Жазык кодексинин «Алдамчылык» беренеси менен каттоого алынган. Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилген.

«Учурда анын алдамчылыкка байланыштуу дагы башка кылмыштарга тийиштиги текшерилип жатат. Үстүнөн үч арыз түштү. Шектүүгө былтыр дагы 10 арыз түшүп, кармалган болчу. Чогултулган материалдар сотко жөнөтүлгөн», — деп айтылат маалыматта.

Милиция жабыркагандарды 0(708) 14 88 70 жана 0 (508) 27 88 66 номерлерине байланышууну суранды. Сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1747