7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды

698

Кыргызстандын сот адилеттиги иштери боюнча кеңеши тарабынан президент Садыр Жапаровдун атына Нарын, Ысык-Көл, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын айрым жергиликтүү сотторунун бош судьялык кызмат орундарына 7 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.

Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен мамлекет башчысы судьялык кызматка дайындоо үчүн бардык жети талапкер боюнча кеңештин сунуштары менен макул болду.

Садыр Жапаров жети талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарга кол коюп,  алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди:

– Нарын облусу

Ат-Башы райондук соту

Шерипов Улан Турганбекович;

 – Ысык-Көл облусу:

Тоң райондук соту

Талантбекова Аида Талантбековна;

Балыкчы шаардык соту

Ысаков Элдияр Пазылович;

– Талас облусу

Кара-Буура райондук соту:

Асанова Элмира Орозобековна;

Асилова Индира Ашимжановна;

– Бишкек шаары

Ленин райондук соту:

Алиев Авчи Мустафаевич;

Осмонов Баимбек Абдилакович.

Белгилей кетсек, жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

699