7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Күрөш боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат

515

15-24-октябрь күндөрү кыргызстандын спорттук күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү (грек-рим жана эркин күрөш) Испаниянын Понтеведера шаарында 23 жашка чейинкилер арасында өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт боюнча департаменттен билдирди.

Дүйнө чемпионатына катыша турган курама команданын тизмеси:

1. Таалайбек Бейшенбек уулу, 55 кг;
2. Аманат Самат уулу, 67 кг;
3. Адилхан Нурланбек уулу , 72 кг;
4. Акылбек Талантбеков , 77 кг;
5. Бексултан Назарбаев, 82 кг.
Грек-рим күрөшү боюнча курама команда башкы машыктыруучу Азат Эркимбаевдин жана курама команданын улук машыктыруучусу Арсен Эралиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.

Эркин күрөш боюнча:
1. Бекзат Алмаз уулу — МС 57 кг
2. Мухаммад Абдуллаев — МС 79 кг
3. Карыпбаев Нуртилек — МС 86 кг
Эркин күрөш боюнча курама команда улук машыктыруучу Русланбек Маджинов жана башкы машыктыруучулар Исламбек Тазабеков менен Табылды уулу Сүймөнкулдун жетекчилиги алдында катышат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

516