7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жергиликтүү соттордун бир катар судьялары дайындалды (ТИЗМЕ)

363

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан Талант Мамытовдун дарегине КР Конституциясында каралган судьялык ыйгарым укуктарынын мөөнөттөрү аяктагандыгына байланыштуу, Бишкек, Токмок шаардык сотторунун жана Чүй облусунун кээ бир райондук сотторунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн.


Тийиштүү мамлекеттик органдар тарабынан талапкерлерге карата берилген кошумча материалдарды эске алуу менен Талант Мамытов аталган Кеңештин 6 судьялык кызматка талапкерлер боюнча сунуштамаларына макул болду.


Ал эми калган 4 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыккандан кийин, бул талапкерлер боюнча материалдарды Кеңешке кайтарды.


КР Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун 6 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктарды кабыл алып, алар төмөнкү сотторго судьялык ыйгарым укуктарын аткаруу үчүн жиберилди:


Сокулук райондук сотуна — Керимкулов Илияс Саматбекович, Масыбаев Тилек Төлөнбаевич, Султаналиева Сеиль Асанкуловна бекитилип, Ысык-Ата райондук сотуна — Рыскулова Айжан Рыспековна, Токмок шаардык сотуна — Тойгонбаев Асанбек Рафикович, ал эми Бишкек шаардык сотуна — Динеев Мирад Сагынбекович дайындалды.


Бул жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

364