7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүз районунда 10 гектар жер мамлекетке кайтарылды

333

УКМК мыйзамсыз пайдаланылган жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча ишин улантууда.

Жети-Өгүз районунун Тамга айыл өкмөтүнүн 2006-жылдагы токтомуна ылайык, Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги «Тихая Бухта» жер тилкеси өзгөчө спорттук-ден соолукту чыңдоо комплексин куруу үчүн инвестициялык сынак аркылуу сатыкка коюлганы аныкталган.

Бирок конкурстун жеңүүчүсү инвестициялык сынак келишиминин шарттарын бузуп, жерди жакшыртуу жана айтылган максаттарга ылайык өнүктүрүү боюнча эч кандай иш жүргүзө элек.

Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө жер тилкесинин менчик ээси мыйзамсыз экенин түшүнүп, 10 га жер тилкесин Жети-Өгүз районунун Барскоон айыл өкмөтүнүн балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.

334