7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жети-Өгүздө жарандын үйүнөн мыйзамсыз кыйылган карагайлар аныкталды

797

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда тургундун үйүнөн 25 даана мыйзамсыз кыйылган карагайлар аныкталды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө ылайык, Жети-Өгүз районунун тургундарынын бири үйүндө мыйзамсыз кыйылган Тянь-Шань карагайларын сактап жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Текшерүү учурунда, аталган жаран Ак-Кочкор айылынын тургуну И.А. аттуу жаран экендиги аныкталып, үйүнүн короосунан тиешелүү уруксат кагаздары жок 25 даана тянь-шань карагайы табылып алынган.

Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, юридикалык баа берүү үчүн, топтолгон материалдар тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

798