15-майдан тарта “Ала-Тоо” борбордук аянты оңдоого жабылып, учурда асфальт төшөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
«Ишти Бишкек шаарынын мэриясынын Шаардык чарба департаменти жүргүзүүдө жана 2022-жылдын 24-майында бүткөрүү пландалууда. Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жаңы асфальт төшөлөт»,-деп берилет билдирүүдө.