Чүй жана Манас проспектилеринин кесилишиндеги жаркыраган шарлар менен инсталляцияны жана декоративдик оймо-чиймелер жаңыртылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Билдирүүгө ылайык, ишкананын цехинде металлдан 12 атайын тирөөчтөрдү жасашкан. Орнотуунун бекемдиги үчүн аба -ырайынын ар кандай шарттарына туруштук бере турган бетон негиздери орнотулган.
«Мындан тышкары, кооздук тосмолору жаңыланып, электриктер 750 метр жаңы дюралиттерди орнотуп, металл оймо-чиймелеринин айланасына сары түс берүүчү жарыктар оролду.
Ошондой эле адистер жарык берүүчү шарларды чаңдан жана кирден тазалашты»,-деп берилет билдирүүдө.