Өтүп бараткан аптадагы негизги окуялар:
– Кытай менен биргеликте Сокулукта электромобиль чыгаруучу ишкананын курулушу башталды. Садыр Жапаров 28-февралда барып, мезгил кутучасын салды.
– Бийликтин айтымында, быйыл Кыргызстанда 2 автозавод ишке кирет – май жана август айларында – кыргыз-өзбек жана кыргыз-кытай ишканалары.
– Акылбек Жапаров Шинжаңга барып, дубандын партия жетекчиси Ма Синжуй жана өзбек премьери Абдулла Арипов менен жолукту.
– Бишкекке Монголия парламентинин спикери Занданшатар келип, өлкө жетекчилери менен кездешти.
– Былтыр Кумтөрдөн түшкөн киреше $302 млн болуптур, план болсо $194 млн экен.
– Уран жана торий кендерин иштетүүгө тыюу салган мыйзамды жокко чыгаруу демилгеси көтөрүлдү.
– Илимдер академиясынын жана Жогорку аттестациялык комиссиянын жыйындары болуп өттү.
– Ош менен Бишкектен Ташкенге авиакаттамдар ачылды.
– Орусиянын «Мир» электрондук төлөө системасына АКШ санкция салды, аны мигранттар көп колдончу.
– Опера-балет театрынын баардык артисттери аттестациядан өттү.
– Жыргалаңда кар көчкү астында калып, Чехиядан келген 4 турист каза болду.
– АКШнын Эл аралык республикалык институтунун сурамжылоосуна караганда, кыргыз бийлигине ишеним өсүп баратат.
– Өмүрбек Бакировдун ордуна Жогорку кеңештин депутаты болуп Равшанбек Рысбаев келди.
– Таласта 2 жыл мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылды. Б.Чойбеков мандатын тапшырат.
– Искендер Матраимов менен Нурлан Ражабалиев шайланган Кара-Суу менен Баткен чөлкөмдөрүндө жаңы шайлоо болот.
– Мандатып тапшырсын деген дагы 2 депутат – Шайлообек Атазов менен Айбек Осмонов – өлкөдө азыр жок экен.
– Бишкек шаардык кеңешинин сессиясы 29-февралда үзгүлтүккө учурады – азыркы 45 депутаттын ордуна 235 адам отуруш керек экен.
– Муфтият – быйыл ажылыкка берып келүү 3750 доллар болоорун жарыялады.
– Кыргызстандык Денис Петрашов Филиппинде өткөн Азия чемпионатында 2 алтын медаль утту.
– 2026-жылдагы кышкы Олимпиадага катышууга аракеттенгендерге стипендия төлөнө баштады.
– «24.кг» агенттигинин журналисттери өз жумуш орундарына 15-январдан бери кирей албай жүрөт.
– 23-августта кармалган Олжобай Шакирдин ишинде сот алмашкандыктан, ишти кароо кайра башталды
– Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков – соттор көз карандысыздыкка жете элек деп билдирди.
– Бишкекте Экинчи санариптештирүү форуму болуп өттү, бир топ жаңы демилге көтөрүлдү.
– Акылбек Жапаровдун айтымында, жаңы технологиялар бюджетти 3 эсеге, ИДӨнү 2 эсеге көбөйттү.
– Бишкекте Кыргыз-Түрк ишкерлер форуму өткөрүлдү.
– Бишкектин мэри эл аралык эксперттер менен жолугуп, шаарда асма жол куруу долбоорун талкуулады.
– Кыргызстанга Ага-Хандын уулу Рахим Ага-Хан келди.
– Акыркы 2 жылда Кыргызстанда орусиялык компаниялардын 450 өкүлчүлүгү ачылыптыр.
– Жогорку кеңеш – баатыр энелерге төлөнгөн жөлөк пулдун өлчөмүн көтөрүүнү чечти.
– Мурдагы «Октябрь» кинотеатрында Шаршен атындагы Чүй облустук театры биринчи оюнун көрсөттү.
– Кыргызстандык бийчилер Вырлеев менен Прошлецова Вена шаарында өткөн мелдеште утуп чыкты.
– Акылбек Жапаров – Жогорку кеңеште иштегендер улуттук кийим кийип жүрсө жакшы блоор эле деди.