2025-жылдын 2-февралдан сегизине чейинки окуялар тууралуу Дүйнөлүк саясат институтунун директору, саясат таануучу Шерадил Бактыгулов менен маек.
– Президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапары учурунда саясий маселелер чечилди, жыйырмадай ар башка келишим-меморандумга кол коюлду, эми ошол келишимдер ылдыйкы деңгээлде, министрлик менен облустук-райондук жетекчилер тарабынан так жана толук аткарылууга тийиш, антпегенде өлкө башчыларынын деңгээлинде жетишилген макулдашуулар максатына жетпей калышы мүмкүн. Ал үчүн жөн гана саясий жетекчилер менен атка минерлерден тышкары сапаттуу билими бар инженерлер корпусу дагы керек. Спорт жана туризм тармагын алсак, пландалып жаткан долбоорлор жөн гана эс алуучулук үчүн эмес, киреше алып келе турган бизнес дагы болууга тийиш.
– Коррупция менен күрөш акыркы жылдары Кыргызстанда бир топ күчөп баратат, ошондуктан коррупция азайып баратат десе болот, бирок буга чейин коррупциядан күнөөлөнгөн бир дагы мурдагы министр эркинен ажыратылган эмес. Коррупциялык иштер сотко жеткенде, ал жакта бир кыйла басаңдап, күнөөлөнгөндөр жумшагыраак жаза алып калчу, ошондуктан азыр бул күрөш жаңы деңгээлге чыгып жатат десек болот. Министрлер кабинетинин төрагасы Ташиев 16-январда билим берүү тармагынын кызматкерлери менен өткөргөн жыйын дагы өтө маанилүү болду, анткени коррупциялык иштерге адамдар студенттик мезгилден тартып аралашканы коом үчүн өтө коркунучтуу.
– «Эл үмүтү» программасы менен чет мамлекеттерде институт-университеттерди бүткөн жаштар Кыргызстанга кайтып келбей жатканы, албетте, кейиштүү, бирок аны түшүнсө болот. Чет жакта алдыңкы окуу жайларда билим алып келгендер Кыргызстанда иштеп, өз билимин андан да ары өркүндөтүп кетүү үчүн өлкөбүздө өзгөчө шарттар түзүлүүгө тийиш, ал эми азыркы абалда жергиликтүү шартка талаптуу адистер өзүбүздө деле бар, чет мамлекетте окуп келгендерге караганда, жаштайынан Кыргызстанда иштеп-өскөн адистер абалды беркилерге караганда жакшыраак түшүнүп-билет. Чет жактан келген жаш адистердин деңгээли такыр башка, алардын Кыргызстанда иштеп кетиши үчүн такыр башка шарттар түзүлүүгө тийиш.
Жуманын негизги окуялары:
– Президент Садыр Жапаров жубайы менен 4-7-февралда мамлекеттик сапар менен Кытайда болуп, төрага Си Цзиньпин, мамлекеттик кеңештин төрагасы Ли Цян жана башка жетекчилер менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады.
– Садыр Жапаров 7-февралда Кытайдын Харбин шаарында IX Кышкы Азия оюндарынын ачылыш салтанатына катышты. Анын алдында Жапаров «Ябули» лыжа базасы тууралуу Фейсбукта жазып, Кыргызстанда дагы ушундай база курулат деп билдирди.
– Кытай сапарынын алдында президент Жапаров «Синьхуа» агенттигине интервью берип, эки мамлекет ортосундагы байланыштар тууралуу, алардын тарыхы жана келечеги жөнүндө айтып берди.
– 5-февралда Бээжинде кол коюлган 2 келишимге ылайык, Кыргызстанда шамал жана күн энергиясы менен иштеген станциялар курулат.
– Вице-премьер жана айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев 5-февралда Бээжинде Кытайдын Бажы башкармалыгынын төрайымы Сунь Мэйцзюнь менен жолукканда, Кыргызстандан Кытайга төө буурчак, жүн, кашемир жана тоок этин экспорттоо тууралуу протоколго кол коюлду.
– КРдин Экономика министрлиги менен Кытайдын Эл аралык кызматташуу агенттиги ортосунда 5-февралда Бээжинде кол коюлган келишимге ылайык, Оштогу оорукананы Кытай тарап заманбап техника менен камсыздап берет.
– Бишкектин Биринчи май райондук соту 5-февралда коррупциядан күнөөлөнгөн мурдагы экология министри Динара Кутманованы жана анын уулу Кемел Кутмановду ар бирин 8 жылга эркинен ажыратууга кести. Кутманова 2023-жылдын 25-июлунда, ал эми уулу ошол эле жылдын 17-октябрында кармалган.
– Салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов 3-февралда Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустиндин 31-январда Алматыда орусиялык ишкерлер Кыргызстанда басымга алынып жатат дегенин сынга алды. Мишустин болсо министрлер кабинетинин төрагасы Адыл Касымалиевге телефон чалып, маселени дагы бир жолу талкуулады.
– Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов 4-февралда Жогорку кеңештин комитетинде билдиргенге караганда, 2030-жылга чейин электр энергиясы үчүн тарифтер жыл сайын 15-пайызга өсөт. Май айында эл үчүн бир квт-саат 1 сом 37 тыйын, өндүрүш ишканалары үчүн 3 сом 49 тыйын болот.
– Вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин сунушу менен 4-февралда маалымат каражаттары тууралуу жаңы мыйзам күн тартибинен убактылуу алынды – ал жакшылап текшерилгенден кийин кайрадан депутаттардын кароосуна коюлат.
– Экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов 5-февралда Бишкекте Standard & Poor’s эл аралык агенттигинин эксперттери менен жолугуп, Кыргызстанга суверендүү рейтинг берүү маселесин талкуулады.
– Билим берүү министри Кендирбаева 6-февралда Жогорку кеңеште билдиргенге караганда, «Эл үмүтү» программасы менен чет мамлекеттерге окууга кеткен жаштар Кыргызстанга кайтып келбей жатат. Вице-спикер Сыдыгалиев – аларга андай стипендия берээр алдында кайсы бир мүлкүн күрөөгө коюш керек деп сунуштады.
– 5-февралда саламаттык сактоо министри болуп Эркин Чечейбаев дайындалды. Мурдагы министр Алымкадыр Бейшеналиев 3-февралда кызматынан чегинген.
– Маданият министрлиги 7-февралда билдиргенге караганда, жаңы мамлекеттик гимнди жазуу сынагында биринчи орунга чыккандар 1,5 млн, экинчи орун алгандар 1 млн сом алып, 3-орун үчүн 500 миң сом берилет.
– Кыргыз жарандарынын аты-жөнүн жаңыча жазуу эрежелери тууралуу мыйзамды Жогорку кеңеш 6-февралда жактырды.
– Байланыш тармагын көзөмөлдөө уюмунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2024-жылдын аягында интернет менен 7 млн 100 миң адам колдонгон. Өлкөнүн жалпы калкы 7 млн 250 миң.
– Министрлер кабинети 3-февралда кабыл алган токтомго ылайык, эми мындан ары жумуш күндөрүн ишембиге жылдыруу болбош керек.
– Президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон жарлыкка ылайык, Укук министрлиги алдындагы Жаза аткаруу кызматы өкмөт алдындагы мамлекеттик кызмат болуп кайра түзүлдү. Өкмөттүн карамагынан министрликке бул кызмат 2021-жылдын ноябрында өткөн.
– Тамада Борончу Кудайбергеновдун айтымында, той ээлери кээде ресторанга иш-чаранын баасын толук төлөй албай калып, күрөгө машинелерин койгон учурлар көп.
https://youtu.be/cmfDxuSGLxg