7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Жети күн», Табылды Акеров: Сот тармагында да, Бишкекти көрктөндүрүү иштеринде дагы жакшы өзгөрүүлөр болуп жатат

350

2024-жылдын 16-июнуна 22-июнга чейинки окуялар тууралуу саясат таануучу Табылды Акеров менен маек.

– Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун «кемпир-абадчылар» боюнча чыгарган чечими туура болду. Буга чейин дагы кээ бир соттор, мисал үчүн, аскерий соттун судьясы Нурлан Ашымбек уулу 2000-жылы Феликс Куловду актаган, ал эми 2013-жылы Бишкек шаардык сотунун судьясы Курманкул Зулушевдин чечими менен Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдор акталган. Бирок мындай чечимдер азырынча бирин-серин гана болууда, эгер соттордун ишине эч кийлигишпей жана алар өздөрү дагы мыйзам чегинде гана иштесе, жалпы сот системасы оңолуп кетет эле.

– Жогорку Кеңеш өтүп бараткан аптада – Бээжин шаарында 6-июнда кол коюлган келишимди бекитти жана эми октябрдан тарта Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу курула баштайт деп айтылууда. Бул жол тууралуу талкуу дээрлик 30 жылдан бери уланып келатат, бирок курулушка же каражат табылбай, же ар башка сырттан да, ичтен да тоскоолдуктар пайда болуп келген. Эми акырында бул жол салынып калса, Кыргызстан туңгуюк өлкө деген мүнөздөмөдөн кутулуп, транзиттик мамлекетке айланышы мүмкүн.

– Президент Садыр Жапаров бүгүн интервьюсунда айтканга караганда, паспорт чыгаруу Кыргызстандын өз колуна өткөнү коррупцияны бир топ кыскартты, ошондой эле, коррупцияны кыскартуу иштери бажы тармагында дагы жасалып жатат. Аны менен кошо Бишкек көчөлөрү көрнөк-жарнактардан тазаланып, алардын ордуна LED-экрандарды коюу тапшырмасы берилди. Бишкектин бир нече негизги көчөлөрү дагы мурда болуп көрбөгөндөй тездикте азыр оңдолуп жатат. Мындай аракеттерди колдоо гана керек…

Жуманын негизги окуялары:

– Прокурорлор ар бирин 20 жылга кесүүнү талап кылган «кемпир-абадчылардын» баарын өткөн аптанын аягында сот Марат Сыдыков актап, бошотуп жиберди.

– Бишкекте 19-20 июнда Борбор Азиядагы тоо-кен тармагын өнүктүрүү боюнча «MINEX – Борбор Азия» деген форум болуп өттү.

– Ал форумда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров чыгып сүйлөп, экономиканы көтөрүү менен Кыргызстан бийлиги өлкөдө саясий стабилдүүлүк орнотту деп билдирди.

– Форумда чыгып сүйлөгөн «Кумтөр голд компанинин» президенти Алмазбек Барыктабасовдун айтымында, Кумтөрдө 2 жылда 30 тонна 800 кг алтын өндүрүлдү, таза киреше $674 млн болду, былтыр 2022-жыл үчүн $140 млн дивиденд төлөнсө, быйыл 2023-жыл үчүн $151 млн төлөнөт. Бюджет менен Соцфондко 49 млрд сом төгүлдү.

– Өзбекстандын SilkAvia деген авиакомпаниясы Ташкенден Тамчыга жумасына 3 жолу каттам жасай баштады.

– Статкомдун маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде Кыргызстан менен Кытай ортосундагы соода көлөмү – 2 млрд 150 млн долларга жетип, башка мамлекеттер менен болгон сооданын баарын кошкондон ашыптыр.

– 21-июнда Бишкекте – Сүймөнкул Чокморовдун айкелчи Азамат Абдрахманов жасаган жаңы айкели орнотулду. 2017-жылы Алмаз Кожегулов жасаган айкелди коомчулук кабыл албай койгон.

 

– Жогорку кеңеш 19-июнда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан ортосунда курула турган темир жол тууралуу 6-июнда Бээжинде үч өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү кол койгон келишимди бекитти.

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, темир жол курулуп бүтсө, өлкөдөгү дүң өндүрүмдүн бир жылдык өсүшү 10 пайыздан ашат.

– Кыргызстан аркылуу жолдун 312 чакырымы өтөт, анын 146 чакырымын – жарымына жакынын – көпүрө же туннелдер ээлейт, бардыгы болуп 81 көпүрө жана 41 туннель курулат, Кыргызстандын аймагында 18 темир жол бекети ачылат.

– Статкомдун айтымында, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга келген импорттун көлөмү чыккан экспорттон 6 эсе көп болуптур – $4 млрд 411 млн жана болгону $760 млн.

– Биринчи май райондук соту 19-июнда жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровду 100 миң сом айып пул төлөсүн деген чечим чыгарды, прокурорлор аны 3 жылга кесүүнү талап кылган. Жарандык активисттер Токтонасыровго бир күндүн ичинде 100 миң сом чогултуп берди.

– Орусиянын Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп 18-июнда Сергей Вакунов дайындалды, ал мурдагы элчи Николай Удовиченкону алмаштырды.

– Президенттин демилгеси менен электрондук чип орнотулбаган ID-карталар 1-июлдан 31-августка чейин бекер алмаштырылат.

 

– Бүгүн президент Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине жаңы интервью берип, паспорт чыгаруу боюнча жана бажы тармагындагы коррупция жоюлуп баратканы, жашыл экономика менен электромобиль чыгаруучу завод менен Ноокаттагы Шамбесай алтын кени жөнүндө айтып берди.

– Садыр Жапаровдун буйругу менен Кыргызстандын улуттук инвестициялык фонду түзүлмөй болду.

– Бишкек мэри Айбек Жунушалиевдин айтымында, Манас жана Айтматов көчөлөрүнүн үстүндө Жибек Жолу проспектинен Түштүк магистралга чейин асма жол салынат, долбоордун техникалык негиздемесин иштеп чыгууга 300 миң доллар бөлүндү.

– Жогорку кеңеш 20-июнда – аймактык-административдик реформа боюнча мыйзам кабыл алды, ага ылайык, айыл аймактарынын саны 452ден дээрлик 2 эсеге – 235ке чейин кыскарат.

– Жогорку кеңеш 19-июнда – Бишкек менен Оштун жылуулук борборлорун эки шаардын мэрияларынын карамагына өткөрүүгө макул болду.

– Байтик-баатыр көчөсүндө троллейбус жүрө турган маамылар жана кабелдер алына баштады, анткени алар көчөлөрдү кеңейтүүгө жолтоо болуп калат экен.

– Президент Жапаров – 31-августка чейин Бишкектин көчөлөрүндөгү жарнама такталарын иретке келтирип, алардын ордуна LED-экран орнотуу тапшырмасын берди.

 

– Президент Жапаров Кадамжай районуна барганда – Шамбесай алтын кени иштетилбейт деп, жергиликтүү элди тынчтандырды.

– 18-июнда Мамлекеттик ипотекалык компаниянын директорлор кеңешинде компаниянын жаңы жетекчиси болуп Темиркул Балтабаев шайланды. Мурдагы жетекчи Алмамбет Шыкмаматов анын алдында президенттин жардамчысы болуп дайындалган.

– Базар-Коргондогу суу менен камсыз кылуу системасын оңдоого Европадагы кайра куруу жана өнүктүрүү банкы 8 жарым млн доллар бөлдү.

– Жапониянын «Жайка» агенттиги Кыргызстанга 15 млн доллар грант бөлүп жатыптыр, ал акчага Бишкектеги «Манас» аэропортунан тышкары Ош менен Ысык-Көл аэропорттору дагы жаңыланат экен.

– Курулганынан 50 жыл өткөндөн кийин гана Бишкектеги «Манас» аэропортунун FRU деген эл аралык кодун алмаштыруу иштери эми гана башталды.

– Бишкектин борборуна машине менен кирүүгө акы төлөө сунушталып жатат жана парковка үчүн тариф дагы жогорулашы мүмкүн.

 

351