7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК «Чет элдик өкүл» мыйзам долбоорун биринчи окуудан колдоду

192

Бүгүн, Жогорку Кеңештин жыйынында «Чет элдик өкүл жөнүндөгү» мыйзам долбоорун карап, аны биринчи окууда эч кандай талкуусуз кабыл алды.

Спикер Нурланбек Шакиев элчилер, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугуп, долбоор тууралуу түшүнүк бергенин айтты.

Мындан улам төрага депутаттарга сунуштарды жазуу жүзүндө беришин айтып, дароо эле добушка койду. Натыйжада 52 «макул», 7 «каршы» добуш менен өттү.

Демилгечи депутат белгилегендей, мыйзам долбоорунун негизги максаты 1999-жылдан бери колдонулуп жаткан “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндөгү” мыйзамга чет өлкөлүк уюмдар жөнүндө толуктоо киргизүү каралган. “Өлкөдө өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан жалпы коммерциялык эмес уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюмдардын кандай булактардан каржыланып жаткандыгы, келип түшкөн каражаттардын кандай максаттарга жумшалгандыгы отчеттуулукта ачык-айкын көрсөтүлүүгө тийиш. Бул мамлекетин коопсуздугуна олуттуу коркунуч келтирет, биз муну өлкөбүздүн коопсуздугун коргоо максатында иштеп чыктык. Экинчиден, 17-беренеге алардын иштөө аракеттерин, мыйзам чегинде ишмердүүгүн жазып киргиздик. Андан сырткары, алардын иш мерчемдерине мамлекеттик көзөмөл болуш керек деген максатта Кылмыш-жаза кодексине жоопкерчилик киргизип жатабыз”, — деди ал.

Талкууда депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорунун концепциясына каршы чыгып, Кылмыш-жаза кодексине сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбестигин баса белгиледи. Жыйынтыгында аталган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

193