7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖК Сыргабаев менен Машиевди министр кызматына дайындоого макулдук берди

517

Бүгүн, 4-сентябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Медер Машиевди жана Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына Абсаттар Сыргабаевди дайындоого макулдук берүү маселеси каралды.

Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Алмасбек Абытов министр кызматына талапкерлер тууралуу маалымат берди.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар экологиялык коопсуздук жана курчап турган чөйрө, автомобиль жолдорун куруу жана оңдоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Талкуунун жыйынтыгында Жогорку Кеңеш Абсаттар Сыргабаевди Транспорт жана коммуникациялар министри кызматына жана Медер Машиевди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына дайындоого макулдук берди.

Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомдору кабыл алынды.

518