Акыйкатчы Нарын шаарында күйөөсү бир нече жолу бычак менен сайып жиберген келиндин окуясын жеке көзөмөлүнө алды.
Буга чейин, соц.тармактарда Нарын шаарындагы соода борборунун биринде жайгашкан ашканадан 42 жаштагы эркек киши 41 жаштагы аялынын моюнуна бир нече жолу бычак сайып жиберген видео тараган.
Маалым болгондой, келиндин моюнуна жана денесинин ар кайсы жерлерине бир нече жолу бычак сайылган. Жабырлануучунун айтымында, жолдошу ага буга чейин да зомбулук көрсөтүп келген. Ошондуктан, келин ушул жылдын июль айында балдарын алып үйүнөн чыгып кеткен. Жубайлардын ортосунда 3 баласы бар. Балдары учурда, жабырлануучунун инисинин кароосунда.
“Ал менин үйүмдүн дарегин билбей калып, жумушума келип бычактап кетти. Үйүмдүн дарегин билгенде ээн-эркин мени өлтүрүп эле кетмек экен. Укук коргоо органдары тарабынан адилет чечим кабыл алынып, тиешелүү жазасын алсын деп сурайт элем”, — дейт жабырлануучу.
Шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренелери («Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү») менен кылмыш иши козголду. Нарын райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын аныктап, 30-октябрга чейин тергөө абагына киргизилди.
«Кыз-келиндерибизге карата зордук-зомбулук күчөп жатканы мени абдан өкүндүрөт. Мындай жүрөк үшүн алган окуялар кайталанбашы керек. Күнөөлүүлөр мыйзам чегинде өз жазасын алсын. Укук коргоо органдарын үй-бүлөлүк зордук-зомбулукту алдын алууга чакырам», — деген Жаманбаева.
Акыйкатчынын Нарын облусундагы өкүлү жабырлануучуга зарыл болгон укуктук жана юридикалык жардамын көрсөтүүдө. Келинге узак мөөнөттүү реаблитация талап кылынат.