7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Токтогулдагы бир катар соцобъектилер жана жерлер мамлекетке кайтарылды

385

Токтогул районунда мурда мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бир катар социалдык объектилер жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирет.

Базар баасы 34 миллион сомдук автобекет мындан 15 жыл мурун төмөн баа менен жеке жактарга сатылып кеткен. Ал эми Торкен айылындагы 2 342 чарчы метрлик соода комплексинин базар баасы 4,1 миллион сомду түзөт. Буга кошумча, Токтогул шаарынын мэриясына өткөн жайкы кинотеатр 1,43 гектарлык жер тилкеси менен кошо менчикке өтүп кеткени аныкталган. Баасы 73,6 миллион сом экени белгилүү болду. Мындан тышкары, Токтогул шаарындагы Тайбала-Кечүү тилкесинде жайгашкан көп жылдык көчөттөрү бар эки гектар жер тилкеси да мамлекеттин менчигине кайтарылды. Анын базар баасы 7 миллион сомду түзөт.
УКМК учурда мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана ишканаларды аныктоо, аларды мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштер улантылып жатканын белгиледи.

 

 

386