Бүгүн, 9-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын депутаты, Түркия Республикасындагы Чыңгыз Айтматов институнун башчысы, профессор, доктор Ильяс Топсакал баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушууга ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын демократиялык институттарды жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча комитетинин мүчөсү Акмал Саидов да катышты.
Баарлашууда боордош элдердин ортосундагы маданий кызматташтыкты арттыруу маселеси талкууланып, анын ичинен чыгармачыл жана өнөр адамдарынын ортосундагы алакаларды кеңейтүү тууралуу сөз болду.
Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстан тарыхый байланышы терең, тектеш түрк калктарынын саясий-экономикалык өнөктөштүгүн өрчүтүү менен катар маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгилеп: “Аталган багытта акыркы жылдары алгылыктуу иштер жасалып, айрыкча маданият, маалымат, билим берүү, илим жана спорт жаатында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып келет”, – деди.
Ошондой эле 1993-жылы түзүлгөн ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун алкагында да боордош элдердин маданиятын айкалыштырып, өнүктүрүү максатында жигердүү жумуштар алып барылып жатканын айткан Төрага: “Анын ичинен кыргыздын чыгаан акындары Алыкул Осмоновдун 110 жылдыгы жана Жолон Мамытовдун 85 жылдыгы түрк дүйнөсүндө жогорку деңгээлде белгиленип жатканы бизди абдан кубандырат. Бир тууган калктардын руханий жакындашуусуна жардамчы болгон мындай саамалыктарды байма-бай өткөрүп, өнөрпоздордун жана чыгармачыл инсандардын жолугушуусун тез-тезден уюштуруп турушубуз керек. Анткени, түрк элдеринин фестивалдары, кино күндөрү, адабий форумдары жана башка биргелешкен иш-чаралары калктарыбыздын боордоштук мамилесин чыңдоодо өзгөчө мааниге ээ”, – деп кошумчалады.
Муну менен катар Нурланбек Тургунбек уулу маданият – түрк элдеринин жүрөгүн бириктире турган эң күчтүү куралдардын бири экенин айтып: “Биримдикке жетүү үчүн тил, тарых, музыка, адабият сыяктуу маданий аспекттерди айкалыштырып, жаш муундарга биргелешкен маданий платформаларды түзүшүбүз кажет”, — деди.
Андан тышкары, Жогорку Кеңештин Төрагасы делегаттар III Бишкек эл аралык кинофестивалына катышуу үчүн келишкенин белгилөө менен, кинематографиянын маданий-тарбиялык ролуна көңүл буруп, балдар үчүн сапаттуу контент түзүү керектигин баса белгиледи.
«Эгерде биз кинодо азыркы учур менен өткөн чакты гана чагылдыра турган болсок, анда келечекти көз жаздымда калтыруу коркунучу жаралат. Андыктан, биздин жалпы аракеттерибиз балдар үчүн жогорку сапаттагы фильмдерди жана мультфильмдерди жаратууга багытталышы керек. Анткени балдар – биздин келечегибиз», — деген Төрага Ильяс Топсакал баштаган Түркиядагы Чыңгыз Айтматов институтунун жамаатына кыргыз жазуучусунун чыгармаларын таанытуу багытында жүргүзүп жаткан иштери үчүн терең ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.
Өз кезегинде Ильяс Топсакал Чыңгыз Айтматов чыгармаларында бир адамдын тагдырын баяндоо аркылуу, жалпы түрк дүйнөсүнүн тагдырын чагылдыргандыгын баса белгилеп, ар эмгеги чоң идеяга бай экендигин кошумчалады.
“Биздин институт кыргыздын улуу жазуучусунун ысымын алып жүргөнүнө сыймыктанабыз. Андыктан, биздин башкы максатыбыз залкар калемгердин жолун улантып, түрк дүйнөсүнө эле эмес, жалпы адамзатка руханий көпүрө түзүү”, – деген Ильяс Топсакал жүргүзүп жаткан иштери тууралуу учкай маалымат берди.
Белгилей кетсек, жолугушууга Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева жана Жогорку Кеңештин депутаты Ырысбек Атажанов да катышты.