7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКККББ чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат

340

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жарандарды чет өлкөлүк номерлүү унааларды сатып алууда сак болууга чакырат.

Акыркы учурларда Армения, Абхазия, Россия өңдүү чет өлкөдөн Кыргызстандын аймагына унаалардын тетиктери бөлүк-бөлүк болуп кирип, (кыймылдаткычы башка, дөңгөлөктөрү, кузовтору жана башка тетиктери) бул жактан кайра даяр унаа болуп куралып, сатыкка чыккан учурлары аныкталган.

Эч кандай чек арадан, бажыдын унаанын өлкөбүзгө киргендиги катталбай туруп, транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөрү чет өлкөдөн жасалып турган.

«Мындай фактыларга жол бербөө максатында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жана ЖКККББнын Издөө бөлүмү өлкөдөгү чет өлкөлүк номерлүү унааларды тартипке жана иретке келтирүү максатында Мамлекеттик бажы кызматы, Салык кызматы жана «Унаа» мамлекеттик агенттиги менен биргелешкен иш-мерчем түзүп, жакынкы күндөрү рейддик иш-чараларын дагы жүргүзөрүн алдын ала эскертет», — деп айтылат билдирүүдө.

 

341