7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Камчыбек Ташиев: Матраимов 17 млрд сом төлөп, үй камагына чыкты

334

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Балбак Түлөбаев абактан бошотулган Райымбек Матраимов тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге суроо узатты.

Ал Матраимов эмнеге абактан бошотулганын, бюджетке акча төлөп-төлөбөгөнүн тактады.

Ташиевдин айтуусунда, Райымбек Матраимов үй камагына чыкты. Ал кармалган учурда үч берене менен айып коюлган.

Матраимов кармалганда 3 кылмыш ишин козгогонбуз: чек араны мыйзамсыз кесип өтүү, бейбаштык, кылмыштуу кирешелерди адалдаштыруу. 8 ай тергедик, 2 күн мурун чыгардык. Райым Матраимов Кыргызстандын бюджетине 200 млн доллар (17 млрд сом) төлөп, анын чыкты. Буга чейин 2,5 млрд сом төлөгөн. Жалпысынан Матримов бюджетке 19,5 млрд сом төлөдү. Анын баарын накталай төлөгөн жок, мүлкү менен да төлөдү. Мүлкүнүн баарын экспертизадан өткөрүп, баалап, арзан баада кылып алдык”, — деди УКМК төрагасы.

 

 

Посмотреть эту публикацию в Instagram

 

Публикация от Жетинчи Канал (@7kanal_official)

335