7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президент айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзамга кол койду

286

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтери жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.

Бул мыйзам 2024-жылдын 2-октябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам инвестициялык климатты жакшыртуу жана Жогорку технологиялар паркын өнүктүрүү максатында иштелип чыккан.

Сунушталган өзгөртүүлөр менен Жогорку технологиялар паркына мөөнөтсүз режим (Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча салыктардан жана жеңилдиктерден бошотууну белгилеген, Жогорку технологиялар паркынын ишинин түрлөрүн алар тарабынан жүзөгө ашыруу шартында Жогорку технологиялар паркынын резиденттерине карата колдонулуучу атайын укуктуу, салык режими) киргизүү каралган.

Мындан тышкары, КР мыйзамдарына ылайык туруктуу же убактылуу жумушка, келишим же контракт, макулдашуу боюнча жумушка, ошондой эле бир жолку жумуштарды/кызмат көрсөтүүлөрдү аткарууга кабыл алынган кызматкерлердин пайдасына төлөмдөрдүн бардык түрлөрүнө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн толук көлөмдө мыйзам менен Жогорку технологиялар паркынын дирекциясы, ошондой эле Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары катталган адамдар Жогорку технологиялар паркынын резиденти катары мамлекеттик каттоодон өткөн учурдан тартып мөөнөтсүз бошотулууда.

287