ЖКККББнын борбордук аппаратында башкы башкармалыктын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Жоробековдун жана орун басарларынын, ошондой эле ЖКККББнын жер-жерлердеги бөлүм башчыларынын катышуусунда 2025-жылдын алгачкы айынын ишмердүүлүгүн жыйынтыктоо боюнча онлайн кеңешме өткөрүлүп, төмөнкү маселелер каралды.
Жыл башынан тартып, ЖКККББгы тарабынан жалпысынан 95миң 584 жол эрежелерин бузган айдоочулар аныкталып, бир ай ичинде мамлекеттик буджетке 38млн 638миң 850 сом өндүрүлгөн.
Алардын ичинен:
-Мас абалында унаа башкарган 1422 айдоочу;
-Ылдамдыкты ашырып айдаган 14 293 айдоочу;
-Терезелерин мыйзамсыз караңгылатып алгандар 445 айдоочу;
-Тийиштүү документтери жок унаа башкарган 966 айдоочу;
-Автоээнбаштык кылган 89 айдоочу;
-Жол белгилерине баш ийбеген 41 499 айдоочу;
Ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн, 11 379 авто унаа убактылуу айып короо жайына токтотулган.
Ыкчам кеңешменин жүрүшүндө, ИИМдин ЖКККББнын жетекчилиги тарабынан жер-жерлердеги бөлүмдөрдүн жетекчилерине жол-унаа кырсыктарынын алдын алуу багытында тийиштүү тапшырмалар коюлуп, айрыкча жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу эскертилди. Ошондой эле кызматкерлерден мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо талабы коюлду.