7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКККББнын башчысы Кемин, Балыкчыдагы кызматкерлерин тизип алып, зекиди

99

ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Балыкчы, Кеминдеги жол кырсыктарынын алдын алуу ишмердүүлүгүн текшерди. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.

Бүгүн 11-декабрда ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев саат 18:00дөн баштап Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын, Чүй облусунун Кемин районунун жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлеринин жол кырсыктарынын алдын алуудагы ишмердүүлүгүн текшерди.

Текшерүү учурунда аныкталган кемчиликтерди тез арада жоюу тапшырмасын коюп, жолдогу кар, музду тазалоодо тиешелүү мекеме-ишканаларга эскертмелерди берип, текшерүүнү, тазалоо учурунда коштоп жүрүүнү белгиледи. Кышкы туристтик мезгил учурунда Бишкек-Каракол жолундагы чет өлкөлүк жана ички туристтерге сылык мамиле жасоону айтты. Адам өмүрү баарынан кымбат экенин эскертип, жолдо айдоочулар менен профилактиканы күчөтүүнү тапшырды.

100