7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ЖКККББнын мыкты кызматкерлери сыйланды

424

Кыргыз милициясынын түзүлгөн күнүнүн 100 жылдык маарекесине карата өздөрүнүн кызматтык милдеттерин татыктуу аткарган ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бир нече кызматкерлери Жогорку Кеңештин төрагасынын атынан, ИИМдин жана ЖКККББнын атынан ардак грамоталары, төш белгилери жана ыраазычылык каттары менен сыйланды.

Сыйлыктарды ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков ыйгарып, жалпы өздүк курамды кесиптик майрамы менен куттуктоо менен бирге, баарына бекем ден соолук, кызматтык ийгилик жана үй бүлөлүк бакыт каалады.

Айрыкча кызмат учурунда курман болгон кызматкерлердин аткарган ак кызматын бийик баалап, алардын жакындарына жана туугандарына терең ыраазычылыгын билдирди.

 

425